Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 18-мартта кабарлагандай, Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, 17-март күнү жолдун Жалал-Абад облусунун аймагындагы 222-223-227-чакырымдарында аттыруу жолу менен кар көчкү түшүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мунун ичинен 222-чакырымда - Ала-Бел ашуусунда жалпы көлөмү 161 130 м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Түшкөн кар көчкүлөр унаа жолго жеткен эмес. 227-чакырымда көлөмү 46 910 м3 кар көчкү түшкөн.
ӨКМ кан жолдогу кар көчкүнү атайын түшүрүү учурунда жолдо маал-маалы менен чектөө киргизилип турарын эскертип, жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга жана сак болууга чакырган.
ӨКМ Бишкек-Ош жана башка тоолуу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жаралганын, мындан улам жолдордо машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сакталуусу тийиштигин эскертүүдө.(ZKo)
Дагы караңыз
Путин шайлоодо 87% добуш менен утуп чыкты Журналист Гүлжан Шерипбаева 24.kg агенттигинин ээси, директору болдуОрусияда мигранттарга жардам берген укук коргоочу 1,5 жылга кесилиши мүмкүнСамаркандда жаш баланы кордогон адамга кылмыш иши козголдуПутинди куттуктаган өнөктөштөр, шайлоону сындаган лидерлер