Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:49

Орусияда мигранттарга жардам берген укук коргоочу 1,5 жылга кесилиши мүмкүн


Татьяна Котляр сотто.
Татьяна Котляр сотто.

Орусиянын Обнинск шаарында 72 жаштагы укук коргоочу Татьяна Котлярдын cоту болуп, прокурор аны бир жарым жыл жатак абакка кесүүнү сурады.

Ал Орусия жарандарын же чет элдиктерди жасалма түрдө каттоого тургузуу иши боюнча айыпталууда. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” тобу Котлярдын өзүнө шилтеме жасоо менен билдирди. Өкүм 18-мартта чыгат.

"Бул мен үчүн коркунучтуу деле болмок эмес, бирок мен жамбаш сөөгү сынган, баспаган күйөөм менен жашайм. Ал камкордукка муктаж, аны жалгыз калтырууга болбойт", - дейт укук коргоочу.

Котляр – "Адам укуктары үчүн" кыймылынын Калугадагы бөлүмүнүн лидери. Ал өзүнүн батирлерине каттоодон өтө албаган адамдарды такай каттап турганы менен белгилүү.

"Адамдарга жардам берүү үчүн аларды үйүмө каттатып турам. Каттоосу жок Орусия жарандары да укуктарын ишке ашырууда кыйынчылыктарга туш болушат. Бул үчүн мени соттоп жатышат. Маселен, мага ВИЧ менен ооруган селсаяк кайрылган. Ал эски паспортун жоготуп алган, каттоосу жок болгондуктан жаңысын беришкен эмес. Ансыз ал терапия үчүн дары сатып ала алган эмес", - деди Котляр.

Бул Котлярга козголгон жетинчи кылмыш иши. Буга чейин ага айып пул салынып келген. Акыркы жолу былтыр жайында 600 миң рубль доого жыгылган. Февралда сот Котлярга батирлеринин биринде алтыдан, экинчисинде бештен ашык адамды каттоого тыюу салган.

XS
SM
MD
LG