Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:46

Самаркандда жаш баланы кордогон адамга кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Самаркандда жаш баланы кордогон адамга "күч колдонуу менен мыйзамсыз эркинен ажыратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Мурдараак Өзбекстандын «Эзгулик» укук коргоо коомунун жетекчиси Абдурахмон Ташанов Самаркандда балага ырайымсыз мамиле жасалган жагдай тууралуу айтып чыкты. Ал Фейсбуктагы баракчасына автоунаанын ичинде буту чынжыр менен байланган баланын видеосун жарыялады. Баланын көзү көгөрүп, манжаларынын салаасы айрылып кеткен. Видео 16-мартта тартылган.

"Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ырайымсыз мамиле жасаган адам мурдагы милиционер экенин билгенде, "бул зомбулук эмес" деген протоколго кол коюшкан. Мурдагы тартип сактоо кызматкери кордогон бала учурда Самарканд шаардык ички иштер башкармалыгында, анын кандай тагдырга туш болгону белгисиз. Ал эми баланы кыйнаган адам үйдө тынч отурат", — деп жазды укук коргоочу.

Башкы прокуратуранын Телеграмдагы каналында да баланын андан аркы тагдыры тууралуу маалымат жок.

XS
SM
MD
LG