Казакстанда төрт жашар Айкөркөмдүн өлүмү боюнча апелляциялык арыз карала баштады

Айдос Мелдехан. Архивдик сүрөт.

Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуясында каза болгон төрт жашар кыздын өлүмүнө күнөөлөнүп, бирок кийин акталган аскер кызматкери кыздын атасын айыптап чыкты. Бул тууралуу бүгүн 15-мартта «Азаттык» радиосунун казак кызматы билдирди.

14-мартта Астананын Аскер сотунда аскер кызматкери Арман Жуманды актаган чечимге каршы апелляциялык арыз карала баштады.

Кандуу окуяларда каза болгондордун эң кенжеси Айкөркөм Мелдехандын атасы Айдос Мелдехан сотто жашыруун материалдар каралат деген жүйө менен аны отурумга киргизбей коюшканын билдирди.

Арман Жуман кыздын атасы 14-марттагы сот процессине «зордуктоо жана адам өлүмү үчүн соттолгон» адам болгондуктан киргизилбегенин айтып, ал 2007-жылы аэропорттон жүргүнчү кызды алып, жолдон зордуктап, өлтүргөнү үчүн 13 жыл түрмөдө отуруп чыкканы тууралуу маалыматы бар экенин, отурумга ошол себептен киргизилбегенин, өзү муну жашырып жатканын «Азаттыкка» билдирди.

«Мени кызды өлтүргөн деп айыптап жатышат. Бирок Айдос Мелдехандын машинасын көргөн эмесмин жана кызын өлтүргөн эмесмин», — деди Арман Жуман.

Айдос Мелдехан «Ал мен мурда эмне болгонумду кайдан билет экен? Отурумга катышууга уруксатты сот койгон шартка макул болбогондуктан алганым жок», - деп жооп берди жана тергөөчүлөр Январь окуясы үчүн өзүн айыптаган кайсы бир видеону колдонуп, камап койгулары келип жатканын, видеодогу киши ал эмес экенин айтты.

Кийинки отурум 19-мартка белгиленди.

Калаба учурунда келишимдик негизде аскердик кызмат өтөп жаткан Арман Жуманды Алматы гарнизонунун Аскер соту былтыр ноябрь айында актаган. Ага наристенин өлүмүнө байланыштуу “кызмат абалынан аша чапкан” деген айып тагылган жана жети жылга камакка алуу өтүнүчү келтирилген.

Кыздын жакындары ишти “адам өлтүрүү” деген негизде тергөөнү талап кылышкан.

Айдос Мелдеханга сот «кызын кооптуу абалда калтырган» деген айып тагылган.

Кошуна өлкөдө 2022-жылдын 2-январында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Төрт жашар Айкөркөм алардын эң кенжеси. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет. (RK)

Дагы караңыз

Депутат майнинг фермалар боюнча так маалымат керек экенин айттыУКМК кармап, үй камагына чыккан жетекчинин асынып алганы кабарланды Башкы прокуратура эки бала чет жакка мыйзамсыз чыгарылып кеткенин билдирдиМинистрлик Казакстандын чектөө демилгеси боюнча сүйлөшүү жүргүздү