Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Башкы прокуратура эки бала чет жакка мыйзамсыз чыгарылып кеткенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасы баланы мыйзамсыз асырап алуу жана чет өлкөгө мыйзамсыз алып чыгуу боюнча кылмыш ишин козгогонун Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ала-Бука районунун Көк-Серек үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору К.Н. аттуу жаран 2022-жылы 15-февралда, Ч.Н. аттуу дагы бир жаран ошол эле жылы 15-июлда балалуу болгондугу тууралуу маалымат берип, анын негизинде Калкты каттоо департаментинин Аксы райондук аймактар аралык бөлүмү жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы жөнүндө күбөлүк берген.

Бирок Көк-Серек айыл өкмөтүндө 2022-жылы жалпысынан 56 төрөт кабыл алынганы, анын арасында К.Н. жана Ч.Н. аттуу адамдар жок экени, алар төрөгөн деген мезгилде Кыргызстандын аймагында болбогону аныкталган. Алар жасалма документтер менен балдарды асырап алып, чет өлкөгө алып чыгып кетишкени такталган.

Башкы прокуратура бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди жасалмалоо”, “Балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер” жана “Баланы мыйзамсыз ташып чыгуу” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Иш Ала-Бука райондук милициясына берилип, тергөө жүрүп жатат.

Башкы көзөмөл органы балдар кайсы өлкөгө качан чыгарылып кеткени тууралуу маалымат берген жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG