Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Депутат майнинг фермалар боюнча так маалымат керек экенин айтты


Кыргызстандын Кемин шаарынын жакасындагы майнинг ферма. 2023-жылдын 22-июлу.
Кыргызстандын Кемин шаарынын жакасындагы майнинг ферма. 2023-жылдын 22-июлу.

Жогорку Кеңештин “Ишеним” парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов майнинг фермалар электрди кайдан алып жатканы жөнүндө так маалымат берилиши керек экенин билдирди. Бул тууралуу фракция жыйынында айтып, эки ача маалыматтар болуп жатканын сындады.

“Майнинг фермалар боюнча суроо болгондо министр мырза жеке жактар өздөрү Казакстан менен сүйлөшүп алып жатат деп жооп берди. Эртеси күнү Казакстан расмий жооп берди. Жеке жактар менен сүйлөшпөйбүз, ушул жаатта иштеген мамлекеттик ишканалар менен иштейбиз деди. Бул жагы кандай болду? Министр адашып калдыбы же өзүңөр расмий сатып алып майнинг фермага берип, элди жарыксыз отургузуп жатасыңарбы”, - деди депутат.

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев министр жаңылып калышы мүмкүн экенин айтып, майнинг фермалар Казакстан аркылуу Орусиядан электр алаарын айтты.

“Казакстандан электр энергиясын албайт. Булардын Орусиядан “Интер РАО” ишканасы менен келишими бар. Казакстан аркылуу алат”, - деп жооп берди.

6-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары министр Ибраевдин маалыматын угуп жатып, “Кыргызстанда электр жарыгын пайдаланууга чектөө кирип, гидростанцияларда суу жетишсиз болуп жаткан маалда майнинг компанияларга энергия сатылып жатканын” сынга алышкан. Ибраев “учурда Кыргызстанда бир гана майнинг компания бар экенин, ал электр энергиясын Казакстандан өзү түз сатып алып жатканын” айткан.

7-мартта Казакстандын Энергетика министрлиги Кыргызстандагы майнинг фермаларга берилип жаткан электр энергиясы жөнүндө медиаларга түшүндүрмө берип, казак тарап токту мамлекеттик мекемелерге сатарын, андан ары кайсы жакка таратарын кыргыз тарап өзү чечерин билдирген. Кыргызстандын министри мындан соң берген маалыматында Казакстан транзит гана болуп берерин, жеке фирма электр энергиясын Орусиядан алып жатканын кеп кылган.

2023-жылдын июль айында “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,“жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын" тактаган. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин "Соларкоин" компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ал өз интервьюсунда Кыргызстандын энергетика системасы транзит катары гана кызмат кылып жатканын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG