Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:33

Министрлик Казакстандын чектөө демилгеси боюнча сүйлөшүү жүргүздү


Кыргызстан менен Казакстандын карым-катнашын чагылдырган карикатура. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Казакстандын карым-катнашын чагылдырган карикатура. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги Кыргызстандагы өндүрүмдөрдү тийиштүү талаптарга ылайык текшерүүнү күчөтүү боюнча бирге иш алып барууну сүйлөшүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады.

Кеңешүүнүн жыйынтыгында товарга “көмүскө сертификат” (“серый сертификат”) берилишине жол бербөө боюнча бир катар чаралар кабыл алынды.

Эки өлкө Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү органдарынын бирдиктүү формадагы товарды баалоо документтери бар өндүрүмдөргө чектөө киргизбөөнү макулдашышты.

Казакстандын өкмөтү Кыргызстанда сертификацияланган товарларга өз аймагында тыюу салууну сунуштаган. Тиешелүү министрлик өз жүйөсүндө кыргыз жергесиндеги лабораториялар товарларды сыноону жетиштүү деңгээлде өткөрбөй жана документтерди эсепсиз таратып жатканын жүйө келтирген.

Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга коюлганына тынчсыздануусун билдирди. Мекеме муну эки өлкө мүчөлүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагында атайылап жасалчу тоскоолдук катары баалап, эгер документ жактырылса, бул уюм ичиндеги алгачкы окуя – прецедент болуп каларын маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG