Орусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

15-мартта Орусияда президенттик шайлоого добуш берүүнүн биринчи күнү башталды. Бул саясий өнөктүк 17-мартта аяктайт.

Шайлоо тилкелери Украинанын оккупацияланган аймактарында – Орусия көзөмөлдөгөн Запорожье, Херсон, Донецк жана Луганск облустарында, ошондой эле аннексияланган Крымда да ачылды. Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн аймактарында жергиликтүү тургундар добуш берүүгө мажбурланып жатканын билдиришти.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин негизги атаандашы болот деп айтылып жаткан Борис Надеждинди талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Көз карандысыз байкоочулар жана эксперттер Орусияда акыркы жылдары өткөн шайлоолор акыйкатсыз болду деген баа беришкен. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке өткөнүн билдирди Amnesty International “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырдыХоккей: Кыргызстан Мексиканы 9:4 эсебинде уттуЭкс-депутат Жаныбек Бакчиев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулдуЛитва Навальныйдын шакирти Волковго кол салууну "саясий террорчулук" деп атады14-март: “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору өттү, АКШда TikTok чектөөгө кабылышы ыктымал