Орусиядан кароосуз калган үч өспүрүм алып келинди

Новосибирск. Орусия.

Орусиянын Новосибирск облусунан кароосуз калган үч кыргызстандык өспүрүм бала алып келинди. Алар Ноокат районунун тургундары болуп чыкты.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, алар Жашы жете элек балдардын укук бузууларынын алдын алуу борборуна жайгаштырылды. Профилактикалык жана тарбиялык иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин өспүрүмдөр туугандарынын колуна өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, аталган борбор КМШ өлкөлөрүндөгү балдар үйлөрү, жашы жете электерди убактылуу кармоочу жайлар менен кызматташат. Былтыр Орусиянын Москва шаарынан кароосуз калган кыргызстандык он чакты өспүрүм алып келинген.

10-февралга карата берилген расмий маалыматта ушу тапта 408 448 кыргызстандык Орусияда миграцияда жүрөт.

Бейрасмий маалыматтарда бүгүнкү күндө деле Орусияда Кыргызстандын 1 млн чамалуу жараны жашап, иштеп жүрүшкөнү айтылып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Ошто Өзбекстандын жаранын карактоого шектүү адам кармалдыПарламенте автоунааларга видео көзөмөл орнотуу сунушу сынга кабылды Хоккей: Кыргызстан Люксембургду 7:3 эсеби менен уттуТекебаев “матрешкагейт” ишин караган польшалык судьяга жолукканын билдирди