Ош облусунда Өзбекстандын тургунун сабап, 5 миң долларын котортууга шек саналган адам кармалды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 14-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгына (ОИИБ) Өзбекстандын тургуну арыз менен кайрылган. Аны бейтааныш адамдар алдап, Араван районуна алып барышкан. Ал жерде уруп-сабап, бычак сайып коркутуп, акча талап кылышкан. Жыйынтыгында өзбекстандык жаран өзүн сабагандардын эсебине 5 миң доллар которгон.
Ош ОИИБде арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Ош облустук кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери менен чогуу карактоого шектүүнү кармашты.
Учурда анын башка иштерге тиешеси бардыгы аныкталууда.
11-мартта Ош облустук кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Суу районунун тургунунан шантаж жолу менен 100 миң сом талап кылган адамдардын тобун кармаган.(ZKo)
Дагы караңыз
Хоккей: Кыргызстан Люксембургду 7:3 эсеби менен уттуТекебаев “матрешкагейт” ишин караган польшалык судьяга жолукканын билдирди УКМК “Кристалл” компаниясы мамлекетке кайтарылганын билдирдиМэрия Бишкектин жолдору жамалып жатканын билдирди