Бишкектин 11-кичи районунда 9,64 гектар жерге 17 кабаттуу 24 үй салынып, анын ичинен аянты 40 050 чарчы метр болгон 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-мартта “Дастан сити” деп аталган турак жай комплексин курууга мезгил кутусун салуу иш-чарасында билдирди.
Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, долбоорду “Экспо строй” курулуш компаниясы ишке ашырат жана анын акысына Бишкектен эки жер тилкеси берилет.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы эле турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Электрондук порталга ушул тапта 100 миңге жакын адам (99 миң 931) кезекке жазылган. 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 18 миңден ашык киши үйлүү болду.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Украинадагы согуш: Рим папасы тараптарды сүйлөшүүгө чакырды Казакстанда аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министр күнөөсүн четке какты CNN:Орусия снаряддарды үч эсе көп чыгарууда11-март: 11 журналистти бошотуу талабы, Орусияда мигранттарды текшерүү, “Оскардын” жеңүүчүлөрү Орусияда “чет элдик агенттердин” ресурстарына жарнама жайгаштырууга тыюу салынды АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчиси журналисттердин укуктарын сактоого чакырдыИликтөөчү журналисттер Бишкекте камалган кабарчыларды бошотууга чакырган өнөктүк башташты