Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

CNN:Орусия снаряддарды үч эсе көп чыгарууда


Артиллериялык снаряддарды даярдап жаткан украиналык аскер. Бахмут. 17-март, 2023-жыл.
Артиллериялык снаряддарды даярдап жаткан украиналык аскер. Бахмут. 17-март, 2023-жыл.

Орусия Украинадагы согуш үчүн АКШ жана башка Батыш мамлекеттерине караганда үч эсе көп снаряд чыгарууда. Бул тууралуу СNN телеканалы Түндүк Атлантикалык союздагы булактарына таянып билдирди. Андагы маалыматка караганда, Москва айына 250 миң артиллериялык снаряд чыгарууда, ал эми Батыш мамлекеттери Украина үчүн бул убакыт ичинде 100 миңди гана өндүрүп бере алышат.

НАТОдогу аткаминерлердин бири телеканалга билдиргендей, Орусияда артиллериялык заводдор күнү-түнү үч нөөмөт менен иштеп жатат. Андан тышкары Москва башка мамлекеттерден, негизинен Иран жана Түндүк Кореядан сатып алууда.

“Орусия колунда эмне болсо баарын бул тармакка салды. Алардын аскердик машинасы болгон ылдамдыкта иштеп жатат”,- деди CNNдин булагы.

Бир катар булактар белгилегендей, ушул тапта украин армиясына снаряд жетишпейт. Маалыматка караганда, Орусия күнүнө 10 миң снаряд, Украина эки миңдейди гана колдонот. Батыш мамлекеттери учурда башка жактардан тийиштүү снаярддарды алып, өндүрүштү кеңейтүүнү көздөп жатышат.

Март айынын башында Der Spiegel журналы Батыш мамлекеттерине көбүрөөк снаряд чыгаруу үчүн ок-дары жетишпей калышы мүмкүн экенин жазган. Басылманын маалыматына караганда, ок-дары өндүргөн Кытай Европага экспорттоону токтоткон. Көз карандысыз иликтөөлөргө караганда, Кытай өз ок-дарысын Орусияга жеткирип жатат.

XS
SM
MD
LG