Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:08

Иликтөөчү журналисттер Бишкекте камалган кабарчыларды бошотууга чакырган өнөктүк башташты


Kyrgyzstan - Detained current and former journalists of the Kyrgyz editorial office "Temirov Live".
Kyrgyzstan - Detained current and former journalists of the Kyrgyz editorial office "Temirov Live".

Дүйнөдөгү бир катар маалымат каражаттары жана иликтөөчү журналисттер Бишкекте камакка алынган 11 кесиптешин бошотууга чакырган өнөктүк башташты. Чехия, Словакия, Польша, Венгрия, Эстониядагы медиа кызматкерлердин видео кайрылуусун 11-мартта Братиславадагы Jána Kuciaka иликтөө борбору (ICJK) Фейсбукка жарыялады. Ушул күнү дагы бир катар өлкөлөрдөгү иликтөөчүлөр акцияга кошулушту.

Алар Кыргызстанда акыркы жылдары сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын айтып, муну орусиялык ыкмага теңешти.

Милиция 17-январда “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген 11 журналистти кармаган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал чечимди күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги аларды "жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган" деп айыптоодо. Камакка алынган журналисттер муну четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Эркиндик боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясы төмөндөп баратканы белгиленгени менен кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG