Бишкекте Иран искусствосунун күндөрү өтөт

Иран искусствосу. (Сүрөт Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине таандык)

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде 13-16-март күндөрү Иран искусствосунун күндөрү өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдагандай, иш-чара Иран маданияты күндөрүнүн алкагында аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда.

Көргөзмөдө каллиграфия, миниатюра, торевтика, маркетри жана эмалга сүрөт тартуу чеберчилиги менен таанышууга болот.

Анда ошондой эле искусствонун бул түрлөрү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Каалоочуларга жыгач оюу, металлга сүрөт чегүү, эмалга сүрөт тартуу, живопись, миниатюра жана каллиграфия боюнча искусство чеберлери сабак өтүшөт.

Көргөзмө 13-мартта башталат. Кирүү акысыз.

Бишкекте Иран маданиятына байланыштуу көргөзмөлөр буга чейин да өткөрүлүп келген. (ZKo)

Дагы караңыз

Президенттин сайтында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иши сынга алындыNYT: Украина жайында алты гана F-16 учагын алышы мүмкүнКараколдо аскер бөлүгүндө кармалгандардын экөө бошотулду  Экс-депутат Бакировдун иши боюнча сот чечими өзгөртүүсүз калды Ошто маңзат сатууга шек саналып, тогуз жыл издөөдө жүргөн адам кармалды