The New York Times басылмасы жазгандай, Украина Батыштагы өнөктөштөрү убада кылган 45 F-16 аскердик тик учагынан алтыны гана июль айында алышы мүмкүн.
11-мартта жарык көргөн макалада учактардын жеткирилишинин жайлашынын негизги себеби Румыниядагы авиабазада украин учкучтарын үйрөтүү иштери болуп жатканы белгиленет.
Окуулар стандарттарга салыштырмалуу тездетилген режимде өтүп жатканы менен Украина жана анын өнөктөштөрү күткөндөн кеч болууда. Учкучтар истребителдерди натыйжалуу башкаруу үчүн адегенде англис тилин жана батыштын аскердик жөндөмдөрүн үйрөнүүгө аргасыз болууда.
Дания, Нидерланд, Норвегия жана Бельгия Украинага F-16 бомбалоочу учактарынан 45ти жөнөтүүнү убада кылышкан. Дания алгачкы алты учакты жаздын соңуна чейин, калган 13тү жыл аягына чейин жеткирүүгө сөз берген.
Калган мамлекеттер так мөөнөтүн айткан эмес.
Украина өнөктөштөрүнөн абадан коргонуу системасын күчтөндүрүүгө, аскердик учактар менен камсыздоону эки жылдан бери жардам суранып келе жатат.