Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Экс-депутат Бакировдун иши боюнча сот чечими өзгөртүүсүз калды


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Ош облустук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировдун иши боюнча Ноокат райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева кабарлады. Сотто апелляциялык арыз 7-мартта каралганы белгилүү болду.

Былтыр декабрда Ноокат райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакировду “2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган” деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып пул салган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) былтыр 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку сот 18-августта ал шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Бакиров буга чейин “Азаттыкка” комментарий берип, муну Кемпир-Абад маселесинде парламентте каршы добуш бергени менен байланыштырган. 2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев келип мандат алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG