Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

Караколдо аскер бөлүгүндө кармалгандардын экөө бошотулду  


Башкы прокуратура тараткан кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү.
Башкы прокуратура тараткан кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев №2028 аскер бөлүгүндө иштеген кенже сержант Жылдыз Асанакунованын кайрылуусу боюнча маалымат берди. Шаршеев буга чейинки Асанакунованын аскер бөлүгүндөгү уруп-согуулар боюнча айткандары тастыкталбаганын белгилеп, ал эми 8-февралдагы соңку кайрылуусу жөнүндө мындай деди:

“Ал жерде мурда тастыкталган фактылар боюнча маалыматтар айтылган. Азыркы кезде Аскер прокуратурасы тарабынан иш козголгон. Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде эки аскер кызматкери: полковник Бейшенов жана подполковник Кермалиев камакка алынган. Товар ташуучу жеке ишкер Елебесов дагы камакка алынган. 1 млн 75 миң 644 сом айып пул төлөп, кетирген чыгымдарды кайтаргандан кийин Кермалиев менен Елебесов чыгарылды. Бейшеновго карата тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деди Шаршеев.

19-февралда Башкы прокуратура Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндө иштеген кенже сержант Жылдыз Асанакунованын кайрылуусунан кийин аскер бөлүктүн командири (А.Б.), анын орун басары (Б.К.), прапорщик (К.К. уулу) жана жеке ишкер (Т.Е.) камакка алынганын билдирген.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Жылдыз Асанакунованын билдирүүсүндөгү беш доомат боюнча мыйзам бузуу аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу” жана “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Жылдыз Асанакунова №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, азык-түлүктүн сапаты тууралуу интернетте 6-февралда айтып чыгып, өлкө жетекчилигине кайрылган. Ал соңку 10 жылдан бери аталган мекемеде фельдшер болуп иштеп келатканын, терс көрүнүштөр жөнүндө аскер бөлүгүнүн командирине, жогорку кызматтагыларга айтканын, бул үчүн ага да басым болуп жатканын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кенже сержанттын маалыматы тастыкталбаганын билдирген. УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы да жоокерлерге зордук-зомбулук белгилери аныкталбаганын кабарлаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG