“Улуттук электр тармактары” керектөө көп маалда чектөө киргизилгенин маалымдады

Кыргызстандын энергетиктери. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому Кыргызстандын гидроэлектрстанцияларындагы кубатуулуктун азайышынан улам электр жарыгын керектөө жогорулаган сааттарда аны пайдаланууга чектөө киргизилгенин маалымдады.

“Токтогул ГЭСинин жана Үч-Коргон ГЭСин гидроагрегаттарындагы реконструкциялоонун башталышына байланыштуу 5-марттан тартып, электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтка азайып жатат. Мындай кырдаалда электр энергиясын пайдаланууга, айрыкча керектөө эң көп жогорулаган сааттарда, таңга маал 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечке маал 18:00дөн 21:00гө чейин кыска мөөнөттүү чектөөлөрдү киргизип туруу энерго системалар үчүн зарыл болуп турат. Мындан сырткары электр энергиясын пайдалануунун жогорулашынан улам авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында абоненттердин эсептегичтеринде орнотулган кубаттуулуктарды убактылуу түрдө азайтуу чаралары да көрүлүө баштады”, – деп айтылат мекеменин маалыматында.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” керектөөчүлөрдү бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алып турууга чакырып, ошол эле маалда электр энергиясын көп талап кылган жабдууларды жандырбай турууга үндөдү.

Мекеме күн жылып, керектөө азайган маалда электр энергиясы менен камсыздоо турукташарын билдирет.

Мурдараак энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев март айына коюлган божомолго ылайык, Кыргызстанда электр энергиясын колдонуунун күнүмдүк лимити 54 млн кВт саат болсо, керектөө суткасына 69 млн кВт саатка жетип жатканын айткан.

“Электр станциялары” ишканасына караштуу Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) №1 гидроагрегаты 5-марттан тартып реконструкцияга берилип, токтотулган. Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине чейин үлгүрүү үчүн реконструкция мындан кечеңдетилбеши керектигин белгилеген. Оңдоодон өткөн соң аны кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылат.

Аталган ГЭСте төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы жана №2 агрегат 2023-жылы оңдоодон өткөн. №3 агрегат 2025-жылы реконструкцияланышы керек.

Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1320 мВт чекке жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса анын кубаттуулугу 1440 мегаваттка көбөйөт деп пландалган.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанция жана эки ири жылуулук электр борбору бар. Алардын жалпы кубаттуулугу 3892 мегаватт, же 3 ГВт 892 МВт деп бааланат. (ErN)

Дагы караңыз

Депутаттар Бишкекте үйүнөн күчтөп чыгарылгандардын маселесин көтөрдүБишкекте синтетикалык баңгизаттарды саткан жарандар тобу кармалдыЕвропа өнүктүрүү банкы Кыргызстанды суу менен камсыздоо үчүн 18,6 млн евро беретПакистанда жана Ооганстанда туруксуз аба ырайынан 80дей адам каза болдуБаткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө 23 млн сом жумшалат