Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды саткан жарандар тобу кармалды


Синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелип кармалгандар. УКМК тараткан сүрөт.
Синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелип кармалгандар. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында Telegram мессенжери аркылуу “мефедрон”, “туз”, “кристалл” синтетикалык баңгизаттарды саткан беш жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда аныкталгандай, топтун мүчөлөрү мессенжерлер аркылуу баңгизаттарды ар кайсы жерге жашырып, мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип келишкен. Алар акча каражаттарын криптовалюталарды алмаштыргычтар аркылуу алып турушкан.

Топтун мүчөлөрүн кармоо учурунда алардын жанынан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор, сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү “мефедрон” баңгизаты табылып алынды.

УКМК тараткан сүрөттөрдө жети жаран кармалганын көрүүгө болот. Беш жарандан калган экөөсүнүн дайыны айтылган эмес.

Учурда жарандарга баңгизаттарды таратып жаткан адамдардын, бул мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн башка адамдардын аракеттерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Февралдын аягында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизат таратууга шектелген Бишкек шаарынын тургуну, 39 жаштагы М.М.К. атуу жаран кармалган. Анын жанынан болжол менен 650 граммдык, дээрлик 1 миллион 300 миң сом деп бааланган баңгизат алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG