Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанды суу менен камсыздоо үчүн 18,6 млн евро берет


Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) логосу.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) логосу.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларында суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы үчүн насыя жана грант алуу боюнча макулдашууларга 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган. Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 17-январда кабыл алган.

Макулдашууларда көрсөтүлгөндөй, ЕРӨБ Кыргызстанга 8 млн евро насыя, 8 млн евро грант жана 2,6 млн евро өлчөмүндө техникалык гранттык каражат берет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр ноябрда Лондонго барган учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга жалпы 70,43 млн евро бөлөрүн маалымдаган. Анын 47,3 млн евросу Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоого (Балбай баатыр айылынан – Каракол шаарына чейин), 14,63 млн евросу Кыргызстанда электр тармагын санариптештирүүгө, 8,5 млн евросу Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо тутумдарын оңдоого жумшалары маалымдалган.

ЕРӨБ 2021-жылы тараткан маалыматында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери грант жана насыя катары Бишкекке 1 миллиард доллардан ашык каражат бергенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG