Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө 23 млн сом жумшалат


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 23 млн 934 миң сом жумшалат. Тиешелүү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 5-марттагы отурумунда бекитти.

4-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык аталган эки округда өтчү шайлоо 28-апрелге белгиленген.

БШК бекиткен планга ылайык, шайлоочулардын баштапкы тизмеси 12-мартка чейин, контролдук тизмеси 8-апрелге чейин илинет. Шайлоочулардын аты-жөнүнүн катасы же так эместиги, тизмеде жок экендиги аныкталган соң соңку тизме 23-апрелге чейин жарыяланат.

Талапкерлер 28-мартка чейин арыз тапшырып, аларды каттоо 8-апрелге чейин ишке ашат. Үгүт иштери 8-апрелден 27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт. 28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга чейин чыгарылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Искендер Матраимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы.

Нурлан Ражабалиев 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген. Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн. Ал да 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

УКМК 8-февралда Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып тагылган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG