Депутаттар Бишкекте үйүнөн күчтөп чыгарылгандардын маселесин көтөрдү

Талаш жараткан имарат. 1-март, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин 6-марттагы жыйынында депутаттар Таалайбек Сарыбашов, Максатбек Сарбагышев, Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев жана башка эл өкүлдөрү Бишкектин Суеркулов 16/1 дарегиндеги имаратта жашаган тургундардын күчтөп чыгарылып жатышы боюнча маселе көтөрүштү.

Сарыбашов сот толук чечкенге чейин жарандарды кыштын күнү мажурлап сыртка чыгарылышын айыптаса, Бекешев ушундай мыйзамсыздыкка жол берген мамлекеттик органдарды сынга алды. Сарбагышев жаш балдары бар үй-бүлөлөрдү үйгө киргизилбей жатканын “туура эмес” деп атады, Сулайманов талаштарды күн жылыган маалда чечүүнү, Маматалиев суукка карабай тургундарды мажбурлап чыгарып жаткан мэр Айбек Жунушалиевдин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Бишкектин Суеркулов 16/1 дарегинде жашаган имараттагы маселе өткөн айда башталган. 9-февралда талаштуу имаратка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтып чыгышкан. 1-мартта көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулганын айтты. Орто-Сай базарынын жанындагы имаратка милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери келген.

Жашоочулар мындан кийин да үйдөн чыгуудан баш тартып, мэр менен кайра кездешкен. Алар президентке жана депутаттарга кайрылып, жардам сурашкан.

Былтыр апрелде Жогорку сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Курулуштун долбоору боюнча 9 кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды саткан жарандар тобу кармалдыЕвропа өнүктүрүү банкы Кыргызстанды суу менен камсыздоо үчүн 18,6 млн евро беретЭлектр жарыгы өчүп жаткан Тажикстанда министрдин орун басары иштен алындыПакистанда жана Ооганстанда туруксуз аба ырайынан 80дей адам каза болдуБаткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө 23 млн сом жумшалатУКМК: Көлбаевдин тобундагы Таалайбек Рысалиев БАЭден кармалды