Украина Крымда Орусиянын кайгуул кемесин жок кылганын билдирди

"Сергей Котов" кемеси. Архивдик сүрөт.

Украина Орусия аннексиялап алган Крымда орусиялык деңиз кайгуул кемесин жок кылганын бүгүн 5-мартта билдирди. Өлкөнүн Башкы аскер чалгын башкармалыгынын маалыматына караганда, украиналык Group 13 атайын бөлүгү шейшембиге караган түнү Magura V5 деңиз дрондору менен Орусиянын Кара деңиз флотунун «Сергей Котов» кайгуул кемесинечабуул коюшту.

Операция Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү жана Санарип трансформация министрлиги менен биргеликте Керч булуңунан анча алыс эмес жерде, деңиздин Украинага таандык тилкесинен ишке ашырылганы, баасы 65 миллион долларлык кеменин арткы бөлүгү, оң жана сол капталы талкаланганы маалымдалды.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган кабарларга караганда, Крым көпүрөсүндө кыймыл сегиз саатка токтотулду. Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып туруучу 18 чакырымдык бул көпүрөнү Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин курган.

Орусия «Сергей Котов» кайгуул кемеси боюнча билдирүүлөргө комментарий бере элек. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте курьер алдамчылыкка катышы бар деген шек менен кармалды Адахан Мадумаровдун иши: күбөлөр суралып бүттүКыргызстанда 53 айыл жана конуш газдаштырылдыКара-Суунун тургуну эки баласы, жээни менен иске ууланып каза болду