Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Кыргызстанда 53 айыл жана конуш газдаштырылды


Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги газ түтүктөрү.
Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги газ түтүктөрү.

Кыргызстандын аймагында жалпы 53 айыл, турак жай массиви жана калктуу конуштар газдаштырылды. Бул тууралуу 5-мартта энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитет бул күнү өзүнүн 2023-жылы “Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу жана газдаштыруу жөнүндө” чечиминин аткарылышын карады.

Министр Ибраев билдиргендей, кеп болуп жаткан конуштарда 53 миңден ашуун үй, же 270 миңдей адам газга туташуу мүмкүнчүлүгүн алды. Ушул маалга чейин куур жеткен жерлердеги конуштардагы 29 миң үй гана газ системасына туташкан.

Ушул эле комитеттин 27-февралдагы отурумунда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Бишкектин жака-белиндеги 47 жаңы конуштун 31и газдаштырылганын билдирген.

Асел Раимкулова борбордо ышты азайтуу үчүн жаңы конуштарды газдаштыруудан тышкары от казандар газга өткөрүлүп жана газ менен жүргөн автобустар каттамга киргизилип жатканын кошумчалады.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын катарында. Суук түшкөнү шаарда ыш көйгөйү орчундуу маселеге айланат. Ыштын негизги себеби катары жаңы конуштарда жагылган көмүр, Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана автоунаалардан чыккан түтүн экени айтылып келет. Муну чечүүнүн бир жолу катары Бишкектин айланасындагы конуштарды газдаштыруу башкы чара катары каралат.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 долларга сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага “Ошгаз” ишканасы да өткөн.

Он жылдан берки газдаштыруу иш-аракеттерин “Газпром-Кыргызстан” компаниясы өз эсебинен жүргүзүп келет. Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубл жумшоону убада кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG