Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:51

Кара-Суунун тургуну эки баласы, жээни менен иске ууланып каза болду


Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Кара-Суу районунун Савай айылдык аймагынын Кызыл-Шарк айылында төрт киши көмүрдүн исине ууланып каза болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясы билдирди. Маалыматка ылайык, истен 31 жаштагы аял, анын 3 жашар кызы, 6 жашар уулу жана 7 жашар жээни каза тапкан. Милиция окуя 3-мартта болгонун, үй-бүлө башчысы Орусияда мигрант болуп жүргөнүн кошумчалады.

“Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болгон эмес. Себеби, ал учурда бардыгы каза болуп калган. Аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери жана Кара-Суу райондук прокуратура кызматкерлери тарабынан жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүп, зордук-зомбулук жок экендиги аныкталып, туугандары экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкандан кийин аларга өткөрүлүп берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча 2023-жылдын 11 айында Кыргызстанда 3 116 өрт кырсыгы катталып, 29 адам каза болуп, жалпы 1 млрд сомдон ашык чыгым алып келген. (BTo/DSh)

XS
SM
MD
LG