Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Адахан Мадумаровдун иши: күбөлөр суралып бүттү


Адахан Мадумаров сотто.
Адахан Мадумаров сотто.

5-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда камактагы оппозициячыл саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ишин кароо уланып жатат.

Адвокаттарынын бири Юлия Богданованын “Азаттыкка” билдиришинче, Мадумаровго козголгон кылмыш ишинин алкагында айыптоочу тарап чакырткан күбөлөр суралып бүтүп, Мадумаров өзү да “алдамчылык” фактысы боюнча көрсөтмө берип бүтүп калды.

“Бардыгы болуп расмий 63 күбө суралмак, бирок анын айрымдары каза болуп, кээси ооруп жаткандыктан суралган жок, мындай адамдардан беш киши. Калганын тергөө сураган учурда мыйзам бузуу болгон. Тагырагы, тергөө өзүнө гана ыңгайлуу суроолорду берген. Күбөлөр суракта беш сааттан ашык отурган, ошондуктан протоколду окубай эле кол коюп кеткендери болгон. Соттук отурумда бул адамдар айыптоонун эмес, жактоонун күбөлөрү болуп калды. Себеби биз алардын көрсөтмөлөрүн Мадумаровду жактоодо колдоно алабыз. Мадумаров өткөнкү сотто “алдамчылык” боюнча суралган, бирок бүтө элек, ошондуктан бүгүн бул факт боюнча иш уланат. Бул берене негизсиз коюлган, арыз жазган адам 2015-жылдагы шайлоодо “Бүтүн Кыргызстандын” тизмесинде 53-орунда болчу, демек ал депутаттык мандат ала алмак эмес, ошондуктан анын “акча бердим” дегени чындыкка дал келбейт. Маселен партия ошол жылы ашып кетсе 10 мандат алабыз деп турган. Соттук отурумда ушунун баарын Мадумаров кенен түшүндүрүп, судья, прокурор окуянын чоо-жайын биле алды деген ойдобуз”, - деди адвокат Багданова.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда Бишкекте жашы жете элек уулунун көзүнчө милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 40тай адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер бар.(КS)

XS
SM
MD
LG