Садыр Жапаров Ак калпак күнү менен куттуктады

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди. 2-март, 2024

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда улуттун улут катары сакталып, өнүгүүсү тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта экенин белгилеген.

"Ак кар-көк муз жаткан аскар тоонун элесин чагылдырган ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дал ушул кыргыз маданиятынын ары көөнө, ары сыймыктуу, ары маанилүү, ары ыңгайлуу элементи экени талашсыз. Бекеринен “Ак калпак кыргыз” деп айтылбаса керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда да ар бир кыргыз баласын ак калпаксыз элестетүү мүмкүн эмес", - деп жазылган анда.

Мамлекет башчы төбөсү төгөрөктүн төрт бурчун, кыры ак кар баскан Ала-Тоону элестеткен улуттук баш кийим жазда жаан, жайда ысык, күздө жел, кышта суук өткөрбөгөн мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас эана кийинки муундар үчүн мааниси зор таберик экенин белгилеген.

Кыргызстанда 5-март Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Согд прокуратурасы эки кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти кайра тергөөгө кайтардыСогуштан келген адам мурдагы аялын өлтүрдү21 бажы кызматкери иштен кеттиКара-Суунун тургуну эки баласы, жээни менен иске ууланып каза болду"Инисин куткарам деп чөгүп кетти". Мурас-Ордодогу эки баланын бөөдө өлүмү