Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Согуштан келген адам мурдагы аялын өлтүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Челябинск облусунун тургуну, Украинадагы согушка катышып келген Никита Сидоров мурдагы аялын үч жашар уулунун көзүнчө өлтүрдү.

Аял мурдагы күйөөсү "өлтүрөм" деп коркутуп, үйүнө кирүүгө аракет кылып жатканын милицияга кабарлоого жетишкени айтылууда. Кошуналарынын сөзүнө караганда, 35-40 мүнөттөн кийин полиция кызматкерлери келген учурда аял дагы деле жардамга чакырып жаткан. Бирок полициячылар эшикти бузуп кирбей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин күткөн. Эшикти ачып киришкен учурда аял өлүп жатканын көрүшкөн.

Никита Сидоровду ошол жерден кармашкан, сот аны камакка алды.

Ички иштер министрлиги аялды куткарып калбаган полиция кызматкерлерине карата иликтөө иштерин жүргүзө баштаганы кабарланды.

Маалымат каражаттарында Украинадагы согушка катышып келген адамдардын түрдүү кылмышка, анын ичинде киши өлтүрүүгө жана зордуктоого айыпталганы тууралуу арбын жазылат. Жүздөгөн учурлар ачыкка чыккан. Ушундан улам Кремль кол алдындагы журналисттерине мындай окуялар тууралуу жазбоону сунуш кылган.

Мурдараак Забайкалье аймактык соту мурдагы кылмышкер, Украинадагы согушка катышканы үчүн ырайым алган адамды 14 жылга эркиндигинен ажыраткан. Цырен-Доржи Цыренжапов мурда 18 жаштагы кызды өлтүргөнү үчүн жана каракчылыкка айыпталып соттолгон.

XS
SM
MD
LG