Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

21 бажы кызматкери иштен кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каржы министрлигине караштуу Бажы кызматында ички иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында инспекторлордон тартып, жетекчилерге чейин жалпы 21 кызматкер иштен алынды.

Мындан тышкары 13 кызматкерге катуу тартиптик жазалар берилген.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, "Коррупциянын алдын алуу" мыйзамынын алкагында жүргүзүлгөн ички иликтөөнүн натыйжасында Бажы органдарынын жетекчи кызматкерлери тарабынан коррупциялык мыйзам бузуулар жана дисциплинардык фактылар аныкталган.

Кызматтык иликтөөнүн материалдары тиешелүү укуктук баа берүү жана чара көрүү максатында тийиштүү органдарга жиберилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети былтыр Бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы бардыгын аныктаган. 50 чактысы кызматтан айдалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG