Караколдо "Charge fast" компаниясынын эки өкүлү кармалды

Кармалган шектүүлөр. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Charge fast" компаниясынын Каракол шаарындагы эки өкүлү (47 жаштагы М.Н. жана 49 жаштагы М.Г.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 1-мартта Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө бир катар тургундар арыз менен кайрылышкан. Алар “Charge fast” компаниясынын өкүлдөрү депозитке акча салгандардын каражатын көбөйтүп бере турганын билдиришкенин, ушундан улам ишканага акча берип ала албай калышканын айткан.

Арыздар Каракол шаардык милициясына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Материалдык чыгым 500 миңден ашык сом деп эсептелген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2-мартта Бишкекте ушул эле компаниянын эки өкүлү кармалганын билдирген. Бишкектин Биринчи май райондук милициясына “Charge fast” ишканасына каршы 50дөн ашык киши арыз жазган.

ИИМ 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөнүн, 98и боюнча ушул тапта тергөө иштери улантылып жатканын билдирген.

Каржы пирамидасы боюнча кылмыш иштеринин көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында болгон. Жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон көп деп эсептелген. Козголгон иштерге байланыштуу 40 адам жоопко тартылган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк топографиялык топтордун жолугушуусу болдуАлдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин камалдыОрусияда "Википедияга" тыюу салынышы мүмкүнАКШ Кыргызстандын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узарттыЖМК: Былтыр 50 миңден ашуун борборазиялык АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн Берлин Украина тууралуу чуулгандуу аудионун чоо-жайын иликтейтFreedom House: Тажикстан дүйнөдөгү "эң репрессивдүү" өлкөлөрдүн бири