Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Орусияда "Википедияга" тыюу салынышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

VPN жайылтууну тыюу тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, Орусияда "Википедия" сайтына бөгөт коюлушу ыктымал. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын маалыматтык саясат, технология жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Антон Горелкин телеграм-каналына жазды.

Анын сөзүнө караганда, интернет-энциклопедиядагы VPN-сервистер тууралуу маалымат "Роскомнадзорго" сайтты бөгөттөөгө толук мүмкүнчүлүк берет. Горелкин ошол эле учурда "Википедияны" жабууга башка себептер да бардыгын белгиледи.

"Мындан башка да толтура дооматтар бар, айрымдары боюнча сот чечими чыккан. "Википедияны" бөгөттөөгө мыйзамдуу негиздер бар, эми аны пайдалануучуларга ыңгайсыз болбогондой кылып, ишке ашыруу гана калды", - деп жазды депутат.

Орусиянын соту "Википедияны" Украинадагы согуш тууралуу маалыматты алуу боюнча Москванын талабын аткарбаганы үчүн бөгөттөө чечимин чыгарган.

1-марттан тарта Орусияда "бөгөттөөнү кыйгап өтүүнү жайылтуу жана жарнамалоого тыюу салган" мыйзам күчүнө кирди. "Роскомнадзор" VPN орнотуунун инструкциясын гана эмес, аны колдонууга чакырган тармактарды да бөгөттөй алат.

Украинага кол салгандан бери Орусия миллиондон ашуун сайттарды бөгөттөдү. Анын ичинде Facebook, Instagram жана X (бывший Twitter) да бар. Ошондой эле мамлекеттик эмес сайттар, "Радио Свободанын" да сайты бөгөттөлдү. Окурмандар бул сайттарга VPN аркылуу кирип келишкен. Ага суроо-талап согуш башталгандан кийин кескин өстү.

Ушул тапта VPN Орусиядан тышкары Кытайда гана колдонулат.

XS
SM
MD
LG