Бишкектин Биринчи май райондук соту алдамчылыкка шек саналып кармалган 32 жаштагы жаран Бекзат Өмүрбековдун бөгөт чарасын 3-мартта карап, 1-майга чейин тергөө абагына камады. Бул тууралуу соттун кеңсе кызыматы кабарлады.
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш ишин козголгонун, иштин баштапкы версиясына ылайык, алар жергиликтүү тургундардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштурууга убада берип, 50 миң доллар акча алганын маалымдаган.
"Азаттык" Өмүрбековдун адвокаты жана жакындарына байланыша албады.
Бекзат Өмүрбеков интернет платформаларда азыркы бийликтин жигердүү колдоочусу катары таанымал. (ZKo)
Дагы караңыз