Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:19

Freedom House: Тажикстан дүйнөдөгү "эң репрессивдүү" өлкөлөрдүн бири


Эмомали Рахмон уулу Рустан Эмомали менен.
Эмомали Рахмон уулу Рустан Эмомали менен.

Freedom House эл аралык укук коргоо уюму Тажикстан 2023-жылы дүйнөдөгү "эң репрессивдүү" өлкөлөрдүн бири болгонун билдирди.

Уюмдун ар жылкы "Дүйнөдөгү эркиндик" деп аталган баяндамасы 29-февралда жарыяланды. Анда Тажикстан мүмкүн болгон 100 упайдын бешөөнү гана алган.

"2023-жылы Памир азчылыгынын басмырланышынан жана сөз эркиндигин чектөө боюнча уланып жаткан аракеттерден улам Тажикстандагы эркиндиктин деңгээли эки упайга төмөндөдү", – деди Freedom House'тун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча изилдөөчүсү Кэтрин Грот.

Анын белгилешинче, акыркы 10 жылдын ичинде (2013-2023-жылдары) Тажикстанда сөз эркиндигинин деңгээли кескин төмөндөдү.

"Мындай кырдаал саясий укуктар менен жарандык эркиндикке терс таасирин тийгизүүдө. Азыр катардагы жарандар да куугунтуктан коркуп, өз пикирлерин этияттап айтып калышты. Бул 1992-жылдан бери бийликте отурган авторитардык президент Эмомали Рахмондун башкаруусунун жыйынтыгы", – деди Грот.

Азырынча Тажикстандын бийлиги уюмдун баяндамасы боюнча комментарий бере элек. Бирок буга чейин Дүйшөмбү эл аралык уюмдардын бул сыяктуу баяндамаларына макул эместигин билдирип, аларды бир жактуу деп атап келген.

Freedom House уюмунун изилдөөчүлөрү белгилегендей, 2022-жылы Тоолуу Бадахшан автоном облусунда нааразылык акциясына чыккан тургундар күч менен таркатылып, 10 киши (анын ичинде сегиз журналист жана блогер) кармалгандан кийин бийликтин аймактагы жарандык эркиндикти чектөө аракеттери күчөп жатат.

2023-жылы августта Тажикстандын бийлиги акыркы алты айдын ичинде Тоолуу Бадахшандагы беш коомдук уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын ырастаган. Дүйшөмбү мындай чечимге ал уюмдардын "кылмыштуу топторго тиешеси бар экени" себеп болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG