Бүгүн - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнү. Туу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Авторлору Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж. Матаев жана М.Сыдыков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик тууга оңдоолорду киргизүүну демилгелегенде коомчулукта тууну өзгөртүү кызуу талкууга алынган. Өткөн жылдын аягында Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тууга оңдоолорду киргизүү анын демилгеси экенин, "чет мамлекеттердин өкүлдөрү туудан улам күн карамага байланыштырган суроону көп берерин" айткан.
Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 20-декабрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алып, ал президент тарабынан 22-декабрда бекитилген. Мыйзам “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине 2023-жылдын 26-декабрында жарыяланган.
Анын негизинде Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.
Жаңы жылдан кийин Президенттин иш башкармалыгы Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик негизги тууну алмаштырып, бирок ал парламент кабыл алган варианттан айырмаланган. 8-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутаттардын катышуусу менен мамлекеттик туунун оңдолгон варианты кайра илинген.
Туу кызыл түстө, анда кыргыздын боз үйүнүн түндүгү, кырк уруу кыргыздын биримдигин чагылдырган Күндүн кырк нуру түшүрүлгөн.
2-мартта өлкөнүн аймактарында туу күнү белгиленди.
Дагы караңыз
Жалал-Абадда мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгилендиБишкек шаардык кеңеши аймактык реформа маселесин карайт Өткөн жылы 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан өткөнү айтылдыТалаштуу имараттын тургундарына ипотекага салынган үйлөрдөн берилери айтылдыИИМ каржы пирамидасын уюштурууга шектүү кыздар кармалганын билдирдиПетербургдагы турак үйдө жарылуу болду