Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:02

Талаштуу имараттын тургундарына ипотекага салынган үйлөрдөн берилери айтылды


Тургундары күчтөп чыгарылган имарттын алды. Ичинде жашоочулар суу, свети жок отурат. 2-март, 2024-жыл.
Тургундары күчтөп чыгарылган имарттын алды. Ичинде жашоочулар суу, свети жок отурат. 2-март, 2024-жыл.

Бүгүн, 2-мартта Суеркулов 16/1 имаратынын айрым тургундары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен жолугуп чыкты. Анда тургундар үй маселесин чечип, тергөө иштерин тездетип берүүнү суранышкан. Жолугууга баргандардын бири Талантбек Орозалиевдин айтымында, шаар мэри мамлекеттин эсебинен салынып жаткан үйлөрдөн 20 жылга ипотекага берүү маселеси каралып жатканын айткан.

“Биз Жунушалиевден маселебизди чечип берүүдө көмөк көрсөтүүнү сурандык. Ал киши биздин абалды түшүнүп турганын жана ипотекага салынып жаткан үйлөрдөн батир алууга көмөк көрсөтөрүн айтты. Ал ошондой эле ипотекага берилчү үйлөрдөн мөөнөтүн 20 жылга деп караштырып көрөрүн айтты. Ал эми биз ачкабызды салган имараттын маселеси тергөө бүткөндөн кийин бир жаңсыл болорун кошумчалады”, - деди Таланбек Орозалиев.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы үйдүн тургундары менен мэрдин жолукканын ырастады.

Азыр жашоочулары күчтөп чыгарылган бул имараттын ичинде бир нече адам бар. Алар соттун чечимин көрмөйүнчө үйлөрүнөн чыкпай турганын айттууда. Тургундардын айтымында, 1-марттын кечинде укук коргоо органдары бекинип алгандарды күчтөп чыгаруу үчүн эшиктерин талкалап кирген.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров жашоочулар арасынан бир гана үй-бүлө муктаждыгынан улам Чүй проспектиси менен Жусуп Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги батирлердин бирине жайгаштырыларын, калган тургундар көчүшү керек экенин эскерткен.

9-февралда талаштуу имаратка Бишкек мэри Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтышууда.

Былтыр апрелде Жогорку Сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Курулуштун долбоору боюнча тогуз кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган.(KS)

XS
SM
MD
LG