Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Бишкек шаардык кеңеши аймактык реформа маселесин карайт


Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы. (Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.Конгантиев (оңдон экинчи), мэр Айбек Жунушалиев (оңдон үчүнчү)). 29-февраль, 2024-жыл.
Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы. (Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.Конгантиев (оңдон экинчи), мэр Айбек Жунушалиев (оңдон үчүнчү)). 29-февраль, 2024-жыл.

4-мартта Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, анда президенттин административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө жарлыгынын аткарылышы каралат. Бул тууралуу шаардык кеңештен кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 29-декабрында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режиминде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ал документке, Министрлер кабинетинин быйыл 7-февралдагы токтомуна жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык 29-февралда Бишкек шаардык кеңеши токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Ага ылайык Бишкек шаарынын курамына Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар айыл аймактары, Кара-Жыгач айыл аймагынын «Анар-Бак» конушу, № 544, № 545, № 552 контурлары, Ак-Дөбө айыл аймагынын «Алтын-Казык» конушу, Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, «Ак-Жар», «Нуркожо-Ата», «Адилет» конуштары, андан тышкары, Сокулук районунун Орок, Новопавловка айыл аймактары, Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру кошулуп жатат.

Документке ылайык Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактары Бишкек шаарынын Ленин районуна карайт.

Октябрь районуна Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагы, Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы, Кара-Жыгач айыл аймагынын «Анар-Бак» конушу, № 544, № 545, № 552 контурлары кошулат.

Биринчи Май районуна Аламүдүн районунун Маевка, Пригород айыл аймактары, Ак-Дөбө айыл аймагынын «Алтын-Казык» конушу, Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру кирмекчи.

Свердлов администрациялык районуна болсо Аламүдүн районунун Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, «Ак-Жар», «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» конуштары кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык пилоттук режим маалында Бишкек шаарынын мэрине бюджетти бекитүү, коммуналдык кызматтарга, жол киреге жана товарларга тарифтерди, шаар ичиндеги аймактардын чек араларын аныктоо боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилмекчи.

Мэрге берилип жаткан дал ушул укуктар боюнча мыйзам долбоору февралдын аягында Жогорку Кеңеште өтпөй калган. Шаар башчысына мындай эбегейсиз укуктардын берилип жатышына Бишкек шаардык кеңештин айрым депутаттары да каршы экенин ачык айтып чыгышкан.

29-февралда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы өтүп, ага катышкан мэр Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы күчүнө киргенин, ага ылайык шаардык кеңештин жыйыны калаага кошулуп жаткан калктуу конуштардын депутаттарынын катышуусу менен өтүшү керектигин айткан.

Азыр Бишкек шаарында 45 депутат бар, жаңы курамдагы кеңеште 235 депутат болмокчу.

XS
SM
MD
LG