Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Анталия шаарында «Түрк дүйнөсүндөгү институтташтыруу: Түрк мамлекеттер уюму 21-кылымда» форумунун алкагында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, министрлер "эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин, Евразия мейкиндигиндеги биргелешкен интеграциялык уюмдардын алкагында Орусия менен Кыргызстандын өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулап, эл аралык жана аймактык эң актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты".
"Тараптар өнөктөш мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташууга умтуларын ырасташты", деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Сергей Лавров менен Жээнбек Кулубаев 21-февралда кыргыз-орус президенттеринин Казандагы жолугушуусундагы макулдашууларды ишке ашыруу, өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулаганын маалымдады.
Кездешүүдө Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун 27-февралда Борбор Азиядагы бейөкмөт уюмдар Орусияга каршы "пропаганданы күчөткөнү, аларга каршы чара көрүлүп жатканы" тууралуу маселе талкууланганы же талкууланбаганы айтылган жок.
Кыргызстанда айрым эксперттер Сергей Шойгунун билдирүүсүн эгемен мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары баалап жатат. Алар коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан бейөкмөт уюмдар жөнүндө жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамдардын артында Москва турат деп эсептешет.
29-февралда Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтканына жооп катары КазТАГ агенттигине "жарандык секторду, бейөкмөт уюмдарды колдоо президент, өкмөт жана маданият, маалымат министрлиги үчүн маанилүү приоритет болуп саналат, 18 миң бейөкмөт уюм мыйзамдарга ылайык иш алып барат жана алар биздин коомдун абдан маанилүү бөлүгү, жарандык коом Казакстан өкмөтү тарабынан колдоого алынат" деп билдирген.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, министр Жээнбек Кулубаев Анталияда 2-мартта болгон форумда түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясын чыңдоо, мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, уюмдун алкагында экономика, инвестиция, транспорттук карым-катышты өнүктүрүү, гидроэнергетикага инвестиция жана «жашыл» долбоорлор боюнча маселелерди козгогон.
Форумга Кыргызстандан тышкары Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Түркиянын мурдагы тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу катышып, аны Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев алып барды.
Дагы караңыз
Бишкек шаардык кеңеши аймактык реформа маселесин карайт Байден Газа тилкесине гумжардам аба аркылуу жеткирелерин билдирдиОрусияда сот Навальныйдын фамилиясын "экстремисттик" символикаларга теңештирген чечим чыгардыИИМ каржы пирамидасын уюштурууга шектүү кыздар кармалганын билдирдиСот Дамира Ниязалиеваны үч жылга соттоп, кайра мунапыстын негизинде бошоттуПетербургдагы турак үйдө жарылуу болду