Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Байден Газа тилкесине гумжардам аба аркылуу жеткирелерин билдирди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесине азык-түлүк америкалык учактар менен аба аркылуу жеткириле турганын кабарлады. Алгачкы жардам ушул дем алыш күндөрү жетиши керек.

"Америка көп нерсе жасашы керек", - деген Жо Байден Газага жардам жетишпей жатканын кошумчалады. Ал АКШ палестиналыктарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн деңизден коридор ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын белгиледи.

Ак үйдүн коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби алгачкы каттам менен аскерлерге даяр кургак тамактар (Meal, Ready-to-Eat) алып барылышы мүмкүн экенин айтты. Кирбинин айтымында, гуманитардык жардам аба аркылуу "туруктуу жеткирилип турат" жана муну Израил колдоого алууда.

Буга чейин Газа тилкесине Иордания жана Франция абадан жардам жеткирген. Бир нече күн мурда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы палестиналыктардын талап-тоноо жана программанын кызматкерлерине кол салуу окуяларынан улам Газага азык-түлүк жеткирүү токтотулуп жатканын билдирген. БУУнун маалыматында, Газанын 570 миңден ашуун тургуну, анын жалпы калкынын төрттөн бир бөлүгү ачарчылык босогосунда турат.

Reuters агенттиги менен маектешкен АКШ жана БУУнун өкүлдөрү аба аркылуу жардам жеткирүү көйгөйдү чечпей турганын (атап айтканда, азык-түлүк Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобунун колуна түшпөйт деген кепилдик жок) жана кургактан коридор ачуу зарылдыгын белгилешкен.

АКШ жана башка өлкөлөр Байден 10-мартка чейин башталат деп үмүт кылган ок атышпоо тууралуу макулдашуу учурунда Газага жардам көбөйүшү мүмкүн деп күтүп жатат.

БУУнун мекемеси Газа тилкесиндеги жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги болжол менен 1,4 миллион палестиналыкка гуманитардык жардам көрсөтүп келет.

Израил ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюмуна каршы согуш баштагандан бери гуманитардык жардамга муктаждар кескин көбөйдү. Муну менен бирге анклавга жүк жеткирүү кыйындады.

Эл аралык уюмдар Газа гуманитардык апаат коркунучуна кептелгенин көптөн бери эскертип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG