Бишкек мэринин укугун кеңейтүү боюнча долбоор талкууга коюлду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын мэрине шаардын 2024-жылдагы бюджетин өз алдынча бекитүү укугун берүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкекте административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө шаардык кеңештин коомдук талкууга коюлган токтомунда жазылган.

Ушул эле документте Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элге көрсөткөн коммуналдык кызматтарга жана товарларга, коомдук транспортко тарифтерди мэр өзү эле аныктаганга мүмкүнчүлүк берүү каралган.

Андан тышкары муниципалдык кызмат көрсөтүлө турган аймактардын чек араларын аныктоо укугу да берилет.

Министрлер кабинети Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерине ушундай эле укуктарды берген мыйзам долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерине шаардын бюджетин шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусу жок, өзү бекитүү, мамлекеттик органдардын шаардагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу, тарифтерди өз алдынча бекитүү укуктарын берүү сунушталган.

Жогорку Кеңеш 21-февралдагы жыйынында документти сынга алып, четке каккан. Бир катар депутаттар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын азайта турган мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин билдиришкен. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекке кошула турган айылдар борбордогу төрт районго киретИмамдар эмдөөнүн мааниси тууралуу жыйындарга катышуудаНидерландда соттолгон "Спартактын" оюнчусу БАЭде кармалдыШайлдабекова парламентте гендердик квота толук ишке ашканын билдирдиСудья Акылбек Адимов күнөөлүү деп табылып, 2 млн сом айыпка жыгылдыБолот Темировдун уулунун документи таенесине берилдиАба ырайы: айрым жерлерде кар жаайтИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды