Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:44

Аба ырайы: айрым жерлерде кар жаайт


Ош шаары. Архив.
Ош шаары. Архив.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 2-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрен, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабай, күндүз кар жаашы мүмкүн. Туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз -1…+1° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG