Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:11

Судья Акылбек Адимов күнөөлүү деп табылып, 2 млн сом айыпка жыгылды


Акылбек Адимов, 2022-жыл.
Акылбек Адимов, 2022-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы, пара алууга айыпталган Акылбек Адимов күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн сом айып пул төлөдү. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-январда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Акылбек Адимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айыптап, 2023-жылы октябрь айында камакка алган. Кийин кайра үй камагына чыгарылган.

2023-жылдын ноябрь айында Башкы прокуратура Соттор кеңешине Акылбек Адимовду жоопкерчиликке тартуу сунушун берип, колдоо тапкан. Мыйзам боюнча, Акылбек Адимовго чыккан соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин прокуратура судьяны кызматтан алуу боюнча Соттор кеңешине сунуш берет. Акылбек Адимовдун азырынча судья макамы күчүндө турат. Кызматтан убактылуу четтетилгендиктен иштерди карай албайт.

Акылбек Адимов 40 жашта. Ал 2022-жылы Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин караган. 2022-жылы 28-сентябрда Свердлов райондук сотунда Акылбек Адимов журналистке карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG