Freedom House уюмунун баяндамасында Кыргызстан быйыл да “эркин эмес” өлкө аталды

Freedom House уюмунун быйылкы баяндамасы. Жашыл түс менен "эркин", ал эми кызгылт көк менен "эркин эмес" өлкөлөр белгиленген.

Freedom House (FH) эл аралык уюмунун кезектеги жылдык баяндамасында Кыргызстан быйыл да “эркин эмес” мамлекет аталды. Уюмдун 29-февралда жарыяланган “Дүйнөдөгү эркиндик 2024: Мыйзамсыз шайлоолордун жана куралчан кагылыштардын өсүп жаткан зыяны” деп аталган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндиктин чукул төмөндөөсү байкалып жатканы айтылды.

Төмөндөөнүн эң жогорку көрсөткүчү рейтингде камтылган кырктан ашуун өлкөнүн арасынан Никарагуада (-38), эң азы Мальтада (-10) болду.

Кыргызстандын жалпы баллынын төмөндөөсү 12 деген көрсөткүчкө жетти.

Уюмдун былтыркы баяндамасында да Кыргызстан үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулган. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

Быйылкы баяндамада айтылгандай, дүйнөдө эркиндик деңгээли 18-жыл катары менен төмөндөп баратканы байкалууда, дүйнө калкынын бештен бир бөлүгү жашаган 52 өлкөдө саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер чектелүүдө. Ал эми 21 өлкөдө эркиндиктин абалынын жакшыруу тенденциясы бар.

Дүйнө калкынын дээрлик 38% “эркин эмес”, ал эми 42% “жарым-жартылай эркин”, 20% гана “эркин” деп бааланган өлкөлөрдө жашап жатканы, шайлоолордогу бурмалоо, согуштар, адамдардын пикирин ачык билдирүү укугунун чектелиши негизги көйгөй болуп жатканы белгиленди. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек шаардык кеңешинин кеңири курамы чогула албай, сессия башка күнгө дайындалдыГазада гуманитардык жардамга кезекте турган ондогон адам набыт кеткени кабарландыКараколдо окуучуну машинеге күчтөп салууга шек саналгандар аныкталдыКыргызстанда биологиялык калдыктарды өрттөөгө уруксат берилди