Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Бишкек шаардык кеңешинин кеңири курамы чогула албай, сессия башка күнгө дайындалды


Бишкек шаардык кеңеши. Архивдик сүрөт.
Бишкек шаардык кеңеши. Архивдик сүрөт.

29-февраль түштөн кийин Бишкек шаардык кеңешинин кеңейген курамы чогула албай, шаарга кошулган айыл аймактардын жергиликтүү кеңештеринин төрага-төрайымдары жана айрым депутаттары гана келди. Кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев шаарга кошулган аймактардын бардык депутаттарын 4-мартка сессияга чакырууну сунуштап, ал колдоого алынды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев учурда шашылыш кабыл алына турган чечимдер бар экенин, ошол себептүү жаңы курамдын сессиясы ыкчам өткөрүүнү кубаттады. Ал түшкө чейинки отурумдагы аракетине түшүндүрмө берип, ал тыныгуу жарыяланган үчүн туруп кеткенин айтып, депутаттардан кечирим сурады.

Сессиянын түшкө чейин отурумунда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына байланыштуу талаш-тартыш чыкан. Жунушалиев ага ылайык депутаттык корпус 45тен 235ке көбөйгөнүн айтып, шаардык кеңешти мыйзам чегинде жаңы курамда иштөөгө чакырган. Мындан соң мэр демонстративдүү түрдө ордунан туруп, жыйындан чыгып кеткен.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Жарлыктын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет. Бул азыркы көлөмдөн үч эсе көп. Мында Чүй облусунун сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймактын айрым айылдары борборго кошулууда.

Географиялык жактан Бишкектин аянты төрт тарабынан кеңейет. Түндүк жана чыгыш тарабынан Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка, Көк-Жар айыл аймактары, батыш жана түштүк жагынан Сокулук районунун Новопавловка, Орок айыл аймактары карамагындагы 22 айыл менен чогуу Бишкек шаарына каратылды.

Мындан тышкары, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, Ак-Жар, Нуркожо-Ата, Адилет жаңы конуштары, Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык жаңы конушу, Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак жаңы конушу менен 544, 545, 552-контурлары, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын 177-контуру да Бишкекке кошулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG