Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Караколдо окуучуну машинеге күчтөп салууга шек саналгандар аныкталды


Баланы автоунаага күчтөп салуу учуру тасмага түшүп калган. Каракол. 28-февраль, 2024-жыл.
Баланы автоунаага күчтөп салуу учуру тасмага түшүп калган. Каракол. 28-февраль, 2024-жыл.

Караколдо 27-февралда окуучуну автоунаага күчтөп салууга шек саналгандар аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февралда социалдык түйүндөрдө жолдо ойноп жаткан окуучуну белгисиз адамдар күч менен автоунаага салууга аракет кылган видео тараган.

Милицияга арыз менен эч ким кайрылган эмес. Бирок факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

"Автоунаада ошол күнү Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын 4 окуучусу болгон. "Мерседес-Бенц" унаасы алардын биринин атасына таандык болгон, алар машине менен шаарды айланып жүрүшкөн. Машинедеги өспүрүмдөр балдарга жол жээгинде ойноого болбосун эскертүү максатында эле тамашалап, унаага салымыш болгонун билдиришкен", - деп жазылган маалыматта.

Балдардын бирин автоунаага күчтөп салууга аракет кылган бала Каракол шаарындагы №2 орто мектептин 3-классынын окуучусу экени аныкталган.

Факты боюнча бардык жагдайларды толук аныктоо үчүн териштирүү уланып жатканы айтылды. (ZKo/AsK)

XS
SM
MD
LG