Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

Газада гуманитардык жардамга кезекте турган ондогон адам набыт кеткени кабарланды


Газа сектору. Архивдик сүрөт.
Газа сектору. Архивдик сүрөт.

Газа секторунун Газа шаарында 29-февралда гуманитардык жардамга кезекте турган ондогон адам Израилдин чабуулунан набыт кеткенин The Associated Press агенттиги билдирди. Жергиликтүү аш-Шифа ооруканасынын кызматкерлеринин маалыматына караганда, кеминде 50 киши каза болду, жараат алгандар 250 кишинин тегерегинде.

Камал Адван ооруканасына түшкөндөрдүн 10у каза болгондор экени, дагы 160 адам жараат алганы, ал эми ал-Ауда ооруканасында үч киши көз жумганы, 90дой адам түрдүү жараат менен түшкөнү кабарланды.

Израил Газадагы бул маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек.

Газа секторундагы аскердик операциясын Израил былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңге чукул палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундар курман болуп жаткан ашкере зомбулукка айыптоодо.

Израилдик аскерлер бутага ХАМАСтын согушкерлери гана алынып келатканын, алар жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатышканын айтууда.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүп жатат. Мунаса табылса атышуу токтоп, ХАМАС барымтадагы израилдиктерди, Израил камакта кармап турган палестиналыктарды бошотууга милдеттүү болушары айтылып келет.

АКШ президенти Жо Байден Израилдин жана ХАМАСтын ортосундагы атышууну токтотуу боюнча мунасага келерки аптанын башына чейин жетишүү мүмкүн экенин 26-февралда билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG