Кыргызстанда биологиялык калдыктарды өрттөөгө уруксат берилди

Кремация – сөөктү өрттөп, күлүн жерге берүү.

Кыргызстанда жаңы кабыл алынган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамынын негизинде биологиялык калдыктарды, жандыктардын өлүктөрүн атайын крематорийлерде өрттөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу аталган мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Азаттыкка" билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 28-декабрда кабыл алып, президент Садыр Жапаров быйыл 24-февралда кол койгон. Документте маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөгүн коюну тескеген бир катар чаралар жазылган.

Мыйзамдын алгачкы версиясында адам өзү сөөгүн өрттөө жолу менен акыркы сапарга кетүүнү чечип, керээз калтырган маалда, киши абакта каза болуп, жубайы, жакын туугандары же башка туугандары болбогон маалда жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөрдү кремацияга уруксат берүү сунушталган. Мындан сырткары өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан, түшүнүксүз этиологиядагы инфекциядан каза болгон маркумдардын сөөгүн өрттөө да демилгеленген.

Кийин мыйзам кабыл алынган маалда бул боюнча беренелер алып салынып, жандыктардын өлүктөрүн, биологиялык калдыктарды гана өрттөөгө уруксат берген нормалар калтырылган.

Кыргызстанда өрттөө – кремация жолу менен сөөктөрдү жерге берүү маселеси көп жылдан бери талкууланып, расмий уруксат берилген эмес. Буга диний жана башка нерселер себеп болгон.

Крематорийлердин жоктугунан улам өлкөдө ар кандай жугуштуу ооруларга кабылган жандыктар да өрттөлбөй, жерге көмүлүп келген. Бул айрым жерлерде кайрадан ооруну таратуу коркунучун жаратып турган. (ErN)

Дагы караңыз

Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегаты оңдоого берилетУкраина 73-деңиз борборунун жоокерлери курман болгонун ырастадыТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд метр кубдан төмөндөдүКараколдо окуучуну машинеге күчтөп салууга шек саналгандар аныкталдыСот Талас округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардыКызамыкка чалдыккандардын саны эки айда 4 миң адамдан аштыБишкек мэри “шаардык кеңеш жаңы курамда иштеши керектигин” айтып, сессиядан чыгып кетти