Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд метр кубдан төмөндөдү


Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Фото архивден.
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Фото архивден.

Токтогул суу сактагычында 29-февралга карата 7 млрд 967 млн метр куб суу калды. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 151 метр куб суу агып кирип, 799 метр куб суу агып чыгууда.

2023-жылдын 28-февралында суу сактагычта 8 млрд 145 млн метр куб суу бар болчу.

Токтогул суу сактагычынын ойдуңуна 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага башка да бир катар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

Суунун тиешелүү өлчөмдөн аз топтолушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет. Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп жатат. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун электр кубатын импорттоду.

Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Суу 6 млрд метр кубга түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG