Кыргызстанда Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды

Жалпы республикалык тест маалы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестке каттоо башталды. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кол койгон буйрукка ылайык, каттоо онлайн түрдө жүргүзүлөт.

Тестке катышууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү өз ыктыяры менен 29-февралдан 4-апрелге чейин каттоодон өтүшү керек.

Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт.

Соңку жылдары окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 (предметтик 60) болуп келатат. Быйылкы босого балл азырынча белгисиз.

2023-жылы Жалпы республикалык тест жыйырма экинчи жолу өткөрүлдү. Былтыр 51 073 бүтүрүүчү тестке катышып, 4 353 бүтүрүүчү ЖОЖдордун гранттык орундарына кабыл алынган. Гранттык орун уткандардын 67,8%ын айылдык жана бийик тоолуу аймактардагы мектептерди бүтүргөндөр, 15,4%ын Бишкек шаарынын жана 16,7%ын чакан шаарлар менен облус борборлорунун абитуриенттери түзгөн.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, бул инструмент ишке ашкан 2002-2023-жылдары Жалпы республикалык тестти өлкөнүн жогорку окуу жайларына окууга өтүүнү каалаган 923 235 бүтүрүүчү тапшырган. Алардын ичинен жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына 101 539 адам кабыл алынган. (ErN)

Дагы караңыз

Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчиси кызматтан кеттиАфтандил Жоробековдун соту 12-мартта уланатЧүйдө жер титиреди2023-жылы каржы пирамидасы боюнча 40 адам жоопко тартылдыТурак жай үлүшчүлөрүнүн көйгөйүн атайын комиссия карашы керектиги айтылды