Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчиси кызматтан кетти


Азамат Исраилов.
Азамат Исраилов.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 29-февралда кызматтан кетти.

Маалыматты Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы ырастап, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгонун билдирди. Азамат Исраилов бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келаткан.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары анын ордуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков дайындалганын жазышууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 19-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков менен башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаевди жана автомектептин директорун кармаган.

Сот Канатбек Кубатбековду үй камагына чыгарып, эки кишини камакка алган.

Алар коррупциялык схема түзгөн деп шек саналып жатат. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар машиналарга газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын каттоодо адамдардан мыйзамсыз акча алып турушкан. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG