Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Чүйдө жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматында, 28-февраль күнү, саат 19:15те Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү Кара-Балта шаарынан 22 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышка чейин сезилген. Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка, Сретенка, Кош-Дөбө жана Петровка айылдарында 2,5 баллды түздү.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында бир нече ирет силкинүү катталган.

23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында беш балл, Бишкекте төрт балл, Ташкентте үч балл болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG